• Жума 17 Бугу 2024
  • Пятница 17 Май 2024

Бишкек прокуратурасынын бөлүм башчысы пара боюнча кармалды

8 Бугу 2021 10:45 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын комплексинин жүрүшүндө, өзгөчө ири өлчөмдө пара алуу фактысы боюнча Бишкек шаарынын прокуратурасынын тергөө ишин көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы «К.У.А.» кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

«Такталгандай, жогорудагы жогорку кызматтагы адамы 2020-жылдын декабрында, жер казынасын пайдалануу укугуна берилген лицензиянын жокко чыгарылышына жол бербөөгө убада берип, 20 миң АКШ доллары өлчөмүндө пара алган. Мындан тышкары, аталган кызматкер «К.У.А.» өзүнүн кызматтык абалынан пайдаланып арыз ээсинен батирин оңдоону талап кылган, анын ичинде 450 миң сомдон ашуун суммага эмерек жана тиричилик техникалары дагы бар»,-деп жазылат маалыматта.

Ушул жылдын 7-майында козголгон кылмыш ишинин алкагында кылмышка шектүү кармалып, УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди.

Учурда зарыл болгон тергөө иш-чараларынын комплекси жүрүп жатат.

Количество просмотров: 432