• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгында тинтүү жүрдү

13 Бугу 202516:18 Бишкек Govori.TV

ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан Бишкек ШИИББде атайын тергөө амалдары жүргүзүлдү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 13-майында ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чабуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын бөлүмдөрүнүн биринде атайын тергөө амалдары жүргүзүлүп, документтер алынды.

Учурда тергөө иштери улантылууда, жыйынтыгы менен кошумча маалымат берилет.

Бул иш-чаралар ички иштер органдарынын катарын абийирсиз кызматкерлерден тазалоо максатында өткөрүлүүдө.

Количество просмотров: 417