• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Бишкек шаардык инспекциясынын бир катар кызмат адамдарынын үстүнөн кылмыш иши козголду

25 Аяк оона 2018 12:03 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 25.09.2018. Govori.TV
Бишкек шаарынын прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын, Бишкек шаардык инспекциясынын бир катар кызмат адамдарынын үстүнөн кылмыш иши козголду.
Алсак, Бишкек шаардык инспекциясынын ветеринардык-санитардык экспертизасынын лабораториясынын кызматкерлери (мындан ары — ВСЭЛ) «Сары-Өзөн» азык-түлүк дүң базарында, иш жүзүндө тамак-аш азыктардын коопсуздугу боюнча ветеринардык жана фитосанитардык изилдөөлөрдү өткөрбөстөн, аларга ветеринардык сертификаттары кошумча акыга берилген.
Тергөөгө чейинки текшерүүдө контролдук сатып алуу жүргүзүлгөн, анда 2018-жылдын июнь айынан август айына тарта 130 лабораториялык изилдөөлөр жүргүзүлгөндүгү жөнүндө ветеринардык сертификаттар алынган.
Кезектеги тамак-аш азыктарына мыйзамсыз сертификаттарды берүү учурунда ВСЭЛнын башчысы кармалган. Ветеринария жөнүндө мыйзамдарга ылайык, жаныбарлардан жана өсүмдүктөрдөн алынган азык-түлүктөр пайдалануунун коопсуздугун, адамдын өмүрүнө жана саламаттыгына зыян келтирүүнүн алдын алуу, эпидемияга жол бербөө ж. б. аныктоо максатында, ветеринардык-санитардык экспертизадан милдеттүү түрдө өтүүсү зарыл. Азыркы учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
Количество просмотров: 21