• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бишкек шаардык кеңешин шайлоо 11-апрелде өтөт

21 Үчтүн айы 202118:03 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаардык кеңешин шайлоо 11-апрелде — жекшемби күнү өтөт. Бул тууралуу БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө мыйзамга ылайык, жергиликтүү шайлоолор апрель айынын экинчи жекшембисинде өтөт», — деди Шайлдабекова.

Кошумчалай кетсек, Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары 4 жылга шайланат. Шаардык кеңеш партиялык тизме менен келген 45 депутаттан турат.

Количество просмотров: 121