• Бейшемби 2 Теке 2026
  • Четверг 2 Июль 2026

Коррупцияга шектелип Бишкек мэриясындагы бөлүм башчы кармалды

1 Тогуздун айы 201913:25 Бишкек Govori.TV

УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан Бишкек шаардык мэриясындагы бөлүм башчы кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 1-октябрда УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, мэриянын кызматкерлери жеке турак жай куруу үчүн жер тилкелерин бөлүп берүүдө кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган. Бишкек шаардык мэриясынын бөлүм башчысы А.Н. коомдук фонддордун биринин мүчөлөрүнүн ишенимине кирип, Бишкек шаарынын Биринчи май районунун Калыс-Ордо конушунан 7,2 гектар жер тилкени бөлүп берүү үчүн 2 млн сом алган.

«Ошондой эле бөлүм башчы А.Н. жеке кызыкчылыгын көздөп, өзүнүн кызматтык абалын пайдалануу менен расмий документтерди, Бишкек шаардык мэриясынын жана башка мамлекеттик органдардын жетекчилеринин жасалма колун коюп, бул жасаган иш-аракеттери мыйзамсыз экенин билип туруп, жерди бир категориядан башка категорияга которууга аракет жасаган. Бул факт боюнча А.Н. жана С.А. аттуу жаран кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында башка адамдардын катыштыгын аныктоо үчүн тиешелүү иш-чаралар жүрүп жатат», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 48