• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Бишкек шаардык соту экс-депутат Төлөновдун бир тууганына өкүм чыгарды

23 Жалган куран 2021 18:52 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаардык соту мамлекеттик миграция кызматынын маалыматтык-консультациялык борборунун экс-директору Бахтияр Төлөновго карата чечим чыгарды.

Маалыматка ылайык, 17-мартта шаардык сот Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырган. Райондук 29-декабрда Төлөновду Жазык кодексинин 204-беренеси («Алдамчылык») менен күнөөлүү деп таап, 260 миң сом айып пул төлөөгө өкүм кылган.

Төлөнов 2020-жылдын январь айында борбор калаанын «Мира» кафесинде кармалган. Ал Кыргызстандын жарандарынын чет өлкөлөрдө иштөө укугуна уруксат алуу маселесин оң чечкендиги үчүн жеке ишкерден 800 доллар талап кылган деп шектелген. Камакка алынган учурда Төлөнов мамлекеттик миграция кызматынын маалыматтык-консультациялык борборунун директору болчу.

Ал Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Данияр Төлөновдун («Кыргызстан» фракциясы) бир тууганы болгондуктан, иш коомчулукка кеңири тараган. Эл өкүлү 2020-жылдын август айында өз арызынын негизинде мандатын тапшырып берген.

Теги:
Количество просмотров: 88