• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Бишкек шаарынын мэри качан шайланат? БШКнын жообу

20 Теке 201814:51 Бишкек Govori.TV
Бишкек.20.07.2018. Govori.TV
Бишкек шаарынын  мэринин шайлоо күнү дүйшөмбү, 23-июлда БШКнын жыйынында  белгилүү болот. Бул туурасында Govori.TV сайтына БШКнын басма сөз борбору билдирди.
«Албек Ибраимовдун кызматынан бошотулгандыгы тууралуу өкмөт башчынын токтомун бүгүн алдык. 23-июль күнү жыйын өткөрүп. шайлоо күнү белгиленет» -дейт Абазбеков.
Белгилей кетсек, Албек Ибраимов кылмышка шектүү катары 19-июлда кармалып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин  Тергөө башкармалыгына жеткирилген.
Эске салсак, 3-июлда Бишкек шаардык кеңеши Ибраимовго ишеним көрсөтпөө тууралуу чечим кабыл алган. 19-июлда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин буйругу менен ал иштен алынган. Мэрдин милдетин азыр анын орун басары Бакытбек Дүйшембиев аткарууда.
Количество просмотров: 17