• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Бишкек шаарынын райондор аралык сотунун судьясы Гульжан Есеналиева кызматынан бошотулду

20 Теке 201812:57 Бишкек Govori.TV
Бишкек.20.07.2018. Govori.TV
Бүгүн 20-июлда Бишкек шаарынын райондор аралык сотунун судьясы Гульжан Есеналиева кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулду. Бул туурасына президенттин басма сөз борбору билдирди.
Маалыматта «Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин сунушунун негизинде Бишкек шаарынын райондор аралык сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүп жаткан Есеналиева Гульжан Шаршенбековна Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан бошотулуп, анын аталган соттогу судьялык ыйгарым укуктары өз калоосу менен мөөнөтүнөн мурда токтотулду» -деп жазылат.
Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Количество просмотров: 17