• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Бишкек шаарына быйыл 1 миллиондон ашуун гүл отургузулат

5 Бирдин айы 2021 11:58 Бишкек Govori.TV

Бишкектин көчөлөрүнө быйыл 1,5 миллион гүл отургузулат. Бул тууралуу Мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, «Бишкекзеленхоз» ишканасынын атайын күнөсканаларында түрдүү бир жылдык гүлдөрдүн үрөнү себилген. Азыр алардын баары көчөт болуп, отургузууга даярдалып жатат. Апрель айынын орто ченинде алгач Жеңиш аянты кооздолот. Биринчи этапта 400 миң көчөт отургузулат.

«Быйыл жазында борбор калаанын жашылдандыруу чарбасы шаардагы төрт районго 1 миллион 400 миң гүлдүн көчөтүн отургузууну пландап жатат»,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 84