Бишкек. 27.08.2019. Govori.TV
Бишкек шаарында 2 адамдын өлүмүнө шектүү киши кармалды. Бул тууралуу ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка таянсак, 5-августта 102 кызматы аркылуу Ленин РИИБге турак үйлөрдүн биринин дарбазасынын жанында эс-учун жоготкон жигит жатканы тууралуу билдирүү түшкөн. Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу жөнөтүлгөн.
«Айтылган даректе эс-учун жоготуп жаткан 25-30 жаштагы жигит табылган. Анын денесинде жаракаттар болгон. Дароо тез жардам бригадасы чакырылып, алгачкы жардам көрсөтүлгөндөн кийин ооруканага жеткирилген.
Окуя болгон жерди кароо учурунда ушул эле үйдүн короосунан 30-35 жаштардагы адамдын жансыз денеси табылып, денеде жаракаттар бар экени аныкталган. Ал жерден бармак издери алынып, 2 бөтөлкө арак, 2 ашкана бычагы, эркек адамдын бут кийими жана 4 даана медициналык тампон табылган. Бул факт Жазык кодексиндеги 130-берене (адам өлтүрүү) боюнча Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тиешелүү экспертизалар дайындалган. Ал эми 6-августта денеси үйдүн короосунан табылган адамдын өздүгү такталып, 1989-жылы туулган Н.Б. экени аныкталды.
Ыкчам издөө иштеринин жүрүшүндө Ленин РИИБдин криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери шектүүнүн изине түшүп, ыкчам маалыматтын негизинде 1987-жылы туулган Б.Т. кармалды. Ал Ленин райондук сотунун чечими менен Бишкектеги СИЗО-1 мекемесине 2 айга камалган.
Ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө денеси үйдүн жанынан табылган жигит 1990-жылы туулган Б.Т. экени такталды. Ал ооруканага жеткирилип, эс-учуна келбей көз жумган. Маркум мас абалда болгону белгилүү болгон.
Бул факт Ленин РИИБ тарабынан Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексиндеги 39-берене (кылмышка аракеттенүү) жана 130-берене (адам өлтүрүү) менен катталган. Ыкчам текшерүү иштеринин жүрүшүндө 1987-жылы туулган Б.Т. бул кылмышка катышкан деген шек менен кармалды. Учурда тергөө иштери улантылып жатат», — деп айтылат маалыматта.