• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Бишкек ШИИБдин жетекчиси уурдалып каза болгон кыздын ата-энесинен кечирим сурады

8 Чын куран 2021 10:23 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарындагы 27 жаштагы кыздын өлүмү боюнча күнөлүүлөр жазасын алат.Бул тууралуу бүгүн, 8-апрелде өткөн маалымат жыйында Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Бакыт Матмусаев билдирди.

«Эң оболу эркек адам жана ата катары Айзада менен болгон трагедиялуу окуяны терең кайгыруу менен кабыл алдым. Ата-энеси менен жакындарынан кечирим сурайм, тирүү алып кала албадык. Бирок милиция 5-апрелден тарта күндөп-түндөп издөө иш-чараларын жүргүздү. Бүгүнкү күндө дагы кылмышка тиешеси бар жарандар аныкталып жатат. Мен сөз берем, күнөлүүлөр тийиштүү жазасын алат»,-деди Матмусаев.

Белгилей кетсек, 5-апрелден бери дайынсыз болуп жаткан 27 жаштагы кыздын сөөгү 7-апрелде Бишкектин четиндеги Арашан жана Чокморов айылдарына жакын жердеги талаада автоунаадан табылды. Милициянын маалыматы боюнча аны уурдаган деп шек саналган 31 жаштагы киши кызды муунтуп өлтүрүп, андан кийин өзүнө да кол салган.

Количество просмотров: 101