Юрист Канат Хасанов өзүнүн фейсбук баракчасына сүрөт жайгаштырып Бишкек шаардык сотунда эл көп чогулганын жана алардын арасындагы 1 метрлик аралык жок экенини жазган.
Кошумчалай кетсек, бүгүн, 23-мартта Кой-Таш окуясы боюнча соттук отурум болуп өтмөкчү. Белгилүү болгондой сотто айыпталуучулардын бири катары мурунку президент Алмазбек Атамбаев дагы бар. Учурда аны колдоо үчүн тарапташтары соттун имаратынын алдына чогулушкан.
Мындан тышкары бүгүн Биринчи Май райондук сотунда «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы элчи Дүйшөн Чотоновдун иши боюнча соттук отурум уланат.
Белгилей кетсек, өлкөдөгү кооптуу кырдаалга, коронавирус пандемиясынын таралышынын алдын алуу үчүн киргизилген карантинге байланыштуу өлкө аймагында өзгөчө кырдаал жарыяланып, жүйөөлүү себептерсиз жарандарды эшикке чыкпоого жана эл көп чогулган жерлерден оолак болуу айтылган эле.