• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Бишкек ТЭЦинде кайрадан “ЧП”: Химиялык цех долбоорсуз башталып, токтотулду

3 Бугу 2018 9:40 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 03. 05. 2018. Govori.TV

Бишкек ТЭЦиндеги буу казандарга сууну тазалап берүүчү химиялык цехтин курулушу токтотулду. Бул туралуу мамэкотехинспекциядан билдиришти.

Анда белгилүү болгондой, 5,5 миллион доллар каражат жумшалышы күтүлүп, кытайлык ТВЕАнын эсебинен курулушу башталган химиялык цехти курууда алашемдиктер болгон. “Химиялык цехти куруу боюнча мамлекеттик курулуш агенттигинен курулуш иштерине уруксат кагаздары жана эң башкысы курулуштун долбоору болгон эмес. Бирок, буга карабай, алар курулушту баштап, жер пайын казууга киришишкен. Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы аларга эскертүү берип, курулуш иштерин убактылуу токтотту. Эгер, жогорудагы документтер мыйзам чегинде ордуна келтирилбесе, мыйзам чегинде жоопкерчилик тартуу жагы каралат”,-деп айтылат аталган органдын билдирүүсүндө.

Ал эми бул боюнча “Электр Станциялары” ААКсынын маалымат кызматчысы Тагжана Айдаралиева кийинчерээк түшүндүрмө берээрин убада кылды.

Эске сала кетсек, быйыл кыштагы ТЭЦте болгон аварияга ушул химиялык цехтин курулбай калганы негизги себепчи катары айтылган.

Буга чейин Улуттук энергохолдинг өкүлү Аман Калыбеков “12-февралдан баштап курулуш каражаттары келе баштады. Цехти курууга 5,5 миллион доллар кетет, бул келишимдеги 386 миллион доллардын ичиндеги каражаттан каралат. Химцех жай айларында курулуп бүтөт”,-деп маалымат берген болчу.

 

Количество просмотров: 27