Бишкек. 30.10. 2018. Govori.TV
Бишкекти жылуулук менен камсыз кылган борбордо түтүктү жана өндүрүш имаратын жылытуу үчүн көмүр жана таштандыларды жагып жаткандыгын бул видеодон көрүүгө болот.
Бул туурасында 29-январда ТЭЦке уюштурулган пресс-тур учурунда белгилүү болду. Мында бир катар журналисттер жумушчулар көмүрдү жагып жаткан көрүнүшкө туш болду. Кызматкерлердин бири бул отту смен менен алмашып, эки күндөн бери эртең мененки жетиден кечки жетиге чейин өчүрбөй кармап тургандыктарын айтышты.
Эске салсак, 27-январда социалдык тармакта Бишкек ТЭЦинде тартылды деген видео тараган. Кадрдан жумушчулар түтүктү жылытуу үчүн челекке от жагып жаткандыгын түшүндүрүп, айтып беришкен. Ал эми ТЭЦтин ишин караган «Кыргызстан улуттук электр тармактары» ишканасынан бул видео жалган деп, төгүнгө чыгарышкан.
Булак: Спутник