Бишкек-Токмок-Торугарт унаа жолунда Mercedes-Benz Sprinter менен жүк ташыган унаа сүзүшүп, 7 адам жабыркады. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 14-апрель күнү болжол менен күндүзгү саат 14:00 чамасында Бишкек-Токмок-Торугарт унаа жолунун 18-чакырымында Mercedes-Benz Sprinter унаасы менен ЗИЛ-130 үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа сүзүшкөн.
Кырсыктын кесепетинен 7 адам жабыркаган. Жерине Ысык-Ата райондук №27 өрт куткаруу бөлүгүнөн 4 куткаруучу тартылып, кыпчылып калган 1952-жылы туулган К.Т. аттуу аялды унаадан чыгарып, «Тез жардам» кызматына өткөрүп беришкен.
Ал эми жабыркаган жарандар Кант шаардык ооруканасына жеткирилген. Жабыркаган жарандардын абалдары орто деп бааланууда.