Бишкек—Торугарт (айланма жол) унаа жолундагы жол-транспорт кырсыгынын кесепетинен 26 жаштагы жана 51 жаштагы 2 адам каза болгон.
Ал эми бул кырсыкта каза болгон «Фольксваген Вентонун» 26 жаштагы айдоочусу аскер кызматкери болгон. Маалымат боюнча 26 жаштагы улук лейтенант Ош облусунун Гүлчө айылында кызмат өтөп жаткан.
«Ал финансы кызматынын жетекчиси болгон. Бишкекке командировкага келген. Окуянын чоо-жайы иликтенүүдө», — деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, кырсык 19-январда саат 21:30 чамасында айланма жолдун 50-чакырымында катталып, тактап айтканда Кең-Булуң айылында «Фольксваген Венто» каршы тилкеге чыгып, «Тойота Авенсис» менен кагышкан.
«Фольксваген Вентонун» 26 жаштагы айдоочусу жана 51 жаштагы жүргүнчүсү (аял киши) каза болгон, дагы бир жүргүнчү ооруканага жаткырылган. Мындан тышкары “Тойотанын” айдоочусу жана жүргүнчүлөрү ооруканага жеткирилген. Бул факт Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө жүрүп жатат.