• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

 “Бишкек жашыл чарба” ишканасына 23 миң сом айып салынды

16 Бугу 2022 9:00 Бишкек Govori.TV

 “Бишкек жашыл чарба” ишканасына 23 миң сом айып салынды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, Киев жана Орозбеков көчөлөрүнүн кесилишинде «Бишкек жашыл чарба» ишканасы тарабынан көзөмөлдөнгөн агын суу асфальттын жаракасынан сыртка чоң көчөгө агып чыгып кетүүсүнө жол берген.

Агып чыккан суу чоң көчөнү каптап, жолдогу унаалардын жүрүүсүнө да тоскоолдук жараткан. Бул боюнча айдоочулар чара көрүү боюнча кайгуул кызматкерлерине кайрылуу жөнөтүшкөн.

«Бул боюнча аталган ишканага кайгуул кызматынын жол көзөмөлдөө бөлүмү тарабынан Укук бузуулар кодексинин 180-беренесинин 1-бөлүмүнө ылайык, тийиштүү протокол түзүлүп, 23 миң сом айып салынды. Ошондой эле ишканага мындай нерселерге жол бербөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 99