• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

Бишкек ЖЭБин модернизациялоо боюнча соттук отурум жылдырылды

26 Баш оона 2019 10:12 Бишкек Govori.TV

Бишкек.26.08.2019.Govori.TV.

Бүгүн, 26-августта Свердлов райондук сотунда Бишкек жылуулук электр борборун модернизациялоо боюнча кезектеги отурум Сапар Исаков саламаттыгына байланыштуу келбегендиктен жылдырылды.

Жактоочулардын айтымында, бүгүн Исаковдун саламаттыгына байланыштуу дарыгерлердин кеңешмеси өтөт.
Эске салсак, мурунку премьер-министр Сапар Исаков, экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев, ЖКнын депутаты Осмонбек Артыкбаев, Улуттук энерго холдингдин мурунку башчысы Айбек Калиев, “Электр станциялары” ишканасынын мурунку башкы директору Салайдин Авазов, Улуттук энерго холдингдин башчысынын мурунку орун басары Жолдошбек Назаров, Бишкек ЖЭБин модернизациялоо башкарма тобунун директору Темирлан Бримкулов жана мурунку финансы министри Ольга Лавроваларга кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу жана коррупция боюнча айып тагылууда.

Количество просмотров: 3