• Жекшемби 19 Теке 2026
  • Воскресенье 19 Июль 2026

Бишкек жылуулук электр борборунун адиси кармалды

1 Кулжа 202413:28 Бишкек Govori.TV

Бишкек жылуулук электр борборунун адиси С.Э.С. кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.

КР УКМК тарабынан өлкөнүн энергетикалык коопсуздугуна коркунуч келтирген энергетика тармагындагы коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде, 3 миң 200 АКШ доллары өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен Бишкек жылуулук электр борборунун адиси С.Э.С. кармалып, КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

«Тактап айтканда, аккредиттелген химиялык лабораториянын жооптуу адиси, акчалай сыйлык үчүн коррупциялык схеманы уюштургандыгы, катуу отундун протоколдук сыноолорунун корутундуларын даярдоодон жана бурмалоодон көрүнүп турат. Атайын ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгы менен мурда алынган маалыматтар тастыкталды. Анын алкагында 2024-жылдын 27-майында жеке ишкерден 3 миң 200 АКШ доллары өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен «С.Э.С.» кармалды»,-деп жазылат маалыматта.

Количество просмотров: 626