• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

“Бишкек жылуулук энерго” ишканасына жаңы директор дайындалды

3 Баш оона 2020 14:45 Бишкек Govori.TV

“Бишкек жылуулук энерго” коммуналдык ишканасынын директору болуп Баимбет Байгараев дайындалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Тиешелүү буйрукка Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов кол койгон.

Байгараев буга чейин ишкананын бишкы инженери болгон, аталган ишканада 20 жылдан бери иштеп келет.

Белгилей кетсек, “Бишкек жылуулук энерго” коммуналдык ишканасынын мурдагы директоруВиктория Мозгачева Бишкек шаарынын социалдык маселелер боюнча вице-мэри болуп дайындалган болчу.

Количество просмотров: 148