• Жума 24 Теке 2026
  • Пятница 24 Июль 2026

“Бишкекасфальтсервис” ишканасын президенттин кудасы жетектеп жатат

28 Жалган куран 202311:23 Бишкек Govori.TV

“Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишканасын президенттин кудасы Турусбек Түмөнбаев жетектеп жатат. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынын расмий сайтында көрсөтүлгөн.

Түмөнбаевдин кызматка келгенин муниципалитет расмий түрдө жарыялаган эмес.

Эскерте кетсек, Турусбек Түмөнбаев 2021-жылдын 21-октябрында Мамлекеттик каттоо кызматына караштуу «Унаа» мамлекеттик мекемесинин жетекчиси болуп дайындалып, бирок кийин жарым миллиард сомдук тендер жаңжалынан кийин кызматтан алынган.

Количество просмотров: 65