• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Бишкекке 1-июлга чейин газ менен жүрүүчү автобустар келет

4 Кулжа 2021 17:18 Бишкек Govori.TV

 Бүгүн, 4-июнда Бишкек шаарынын мэриясы менен «СамАвто» жоопкерчилиги чектелген коому эки тараптуу келишимге кол койду. Ага ылайык, борбор калаага аталган ЖЧК чыгарган «ISUZU» автобустары алынып келет.

Бишкек шаарынын мэриясы билдиргендей, келишимге шаардык транспорт башкармалыгынын башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Э.Ункуев жана «Эко жүргүнчүлөрдү ташуу» ЖЧКнын директору К.Усубаматов кол коюшту.

Ага ылайык, ушул жылдын аралыгында «Эко жүргүнчүлөрдү ташуу» компаниясы Бишкек шаарына Өзбекстанда чыгарылган газ менен жүрүүчү «ISUZU» үлгүсүндөгү 350 автобус алып келүүгө милдеттенет.

Ошондой эле келишимдин шартына ылайык, автобустардын биринчи партиясы 2021-жылдын 1-июлуна чейин алынып келиши керек.

Количество просмотров: 567