• Ишенби 25 Теке 2026
  • Суббота 25 Июль 2026

Бишкекке Словениянын вице-премьер-министри келди

10 Бирдин айы 202310:14 Бишкек Govori.TV

Словениянын вице-премьер-министри Таня Файон ишкерлердин коштоосунда Кыргызстанга расмий сапар менен келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Сапардын алкагында тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев словениялык кесиптеши менен кыргыз-словения кызматташтыгынын абалын жана келечегин талкуулайт.

Ошондой эле Словениянын тышкы иштер министри Таня Файон менен КРнын бир катар тармактык министрликтеринин жетекчилиги жолугушат.

Белгилей кетсек, бүгүн Бишкекте «Кыргызстан-Словения» бизнес-форуму өтөт.

Количество просмотров: 49