• Шаршемби 1 Теке 2026
  • Среда 1 Июль 2026

Бишкекке Ташкенттен келаткан учак кайра артка кетти

24 Үчтүн айы 20209:54 Бишкек Govori.TV

23-январда Ташкенттен Бишкекке учуп чыккан HY-779 каттамындагы “Өзбекстан Аба жолдору” авиакомпаниясына таандык учак кайра артка учуп кетүүгө аргасыз болгон.

«Ташкен аба жаңылыктары» Telegram-каналынын кабарлашынча, буга “Манас” эл аралык аэропортунун аймагындагы коюу туман себеп болгон. Аба ырайынын катаал шарты коопсуз түрдө конууга мүмкүнчүлүк бербегендиктен авиалайнер кайра Ташкентке кайткан.

“Өзбекстан Аба жолдору” авиакомпаниясы жүргүнчүлөр жана аларды тосуп алуучулар бул кырдаалга түшүнүү менен мамиле жасайт деп ниеттенүүдө.

Количество просмотров: 6266