• Шейшемби 30 Чын куран 2024
  • Вторник 30 Апрель 2024

Бишкекке жаңы 35 автобус келди

1 Чын куран 2024 16:27 Бишкек Govori.TV

Бишкекке дагы 35 жаңы автобус келди. Мэриядан билдиришкендей, 500 автобустун алгачкы 35 даанасы учурда шаарга жеткирилди. Автобустар бир ай ичинде толук келип бүтөт.

Былтыр президент Садыр Жапаровдун Кытайга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында аталган өлкөдөн газ менен жүрүүчү 1000 автобус сатып алуу боюнча чечим кабыл алынган. Келишимге ылайык, өткөн жылы жарымы келген, быйыл жарымы жеткирилет.

Автобустар толук келип бүтсө, борбор шаардагы коомдук транспортттун иши сезилерлик жакшырат. Шаардын ичиндеги кичи маршруттук тейлеген каттамдар автобустарга алмаштырылат.

Количество просмотров: 109