• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

«Бишкексууканалга» дем алыш күндөрү 297 арыз түшкөн

10 Үчтүн айы 2023 10:06 Бишкек Govori.TV

Майрам күндөрү «Бишкексууканал» өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгына жарандардан 297 кайрылуу түшкөн. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Анын ичинен суу чыгаруу  боюнча 48 кайрылуу түшүп, 45и аткарылып, 3 арыз  аткарылууда.

Суу менен камсыздоо маселеси боюнча 54 арыз келип түшүп, 48и аткарылып, 6 арыз боюнча иштер каралууда.

Үй ичиндеги тармактар маселелери боюнча – 129, 116 арыз- аткарылды.

Нөөмөттүк-диспетчердик кызматка 66 кайрылуу келип түшүп, 64 авария жоюлган, 2 авариялык абал четтетилүүдө.

Суу канализациясынын диспетчердик пункту көчөдө суунун агып чыгышы, турак жай объекттеринин жоктугу, пландуу өчүрүүлөр, төмөнкү басым, суу колонкаларынын иштеши, суунун сапаты, ошондой эле канализация жана канализациялык кудуктарды оңдоо боюнча профилдик арыздарды кабыл алат.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарынын суу пайдалануу жана канализация эрежелеринин 3,1-пунктуна ылайык, абонент менен «Бишкексууканал» башкармалыгынын  ортосундагы эксплуатациялык жоопкерчиликтин чек арасы келишимде жана бардык учурларда менчигинде турган суу менен камсыздоо жана канализация тармактарын тейлөө убактысы көрсөтүлүп,  тиешелүү техникалык абалына ээ болгон абоненттин өзүнө жүктөлөт.

Количество просмотров: 158