Бишкек шаарында 11-кабаттан секирген кыз көз жумду. Бул маалыматты бүгүн, 7-ноябрда Бишкек травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборунан билдиришти.
Маркум ооруканада дарыгерлердин көзөмөлүндө 2 күн болгон.
Маркум болжол менен 23-25 жаштарда. Окуя 6-ноябрда саат 12:30 чамасында Киев менен Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан курулуш объектисинде («Бай-Таш груп» компаниясына таандык) болгон. Жаш кыз 11-кабаттан пенопластка кулап түшкөн.