Бүгүн, 28-мартта Ички иштер министринин орун басары, Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев онлайн маалымат жыйын берип жатат. Анын айтымында, түнү 157 адам комендаттык саатты бузган.
“27-мартта саат 20:00дөн 28-мартта саат 7:00гө чейин борбор калаада 157 тартип бузган жаран кармалды. Алардын ичинен 23 аял, 134 эркек, анын ичинде 5 чет элдик жаран жана 3 өспүрүм”, — деди Бишкектин коменданты Алмазбек Орозалиев.