• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Бишкекте 17 жаштагы кызды ала качууга аракет кылышкан. Ал жардамга муктаж

18 Теке 2022 15:57 Бишкек Govori.TV

Бишкектин «Старый толчок» районунда 17 жаштагы өспүрүм кызды ала качууга аракет кылышкан. Бул тууралуу «Открытая линия» коомдук фондунун жетекчиси Мунара Бекназарова Фейсбук баракчасына жазды.

Маалыматка караганда, өспүрүм кыз ала качуу тууралуу милицияга кабарлаган. Бирок, кыздын жакындары аны кабыл албай коюшкан.

«Ошол күнү 17 жаштагы кыз дене табы көтөрүлүп ооруп жаткан. Дем алуусу кыйындагандыктан улам дарыканага жөнөгөн. Жолдон кошунасы жеткирип коюуну сунуштаган. Кыз макул болгон эмес. Бирок кошунасынын досу кызды эркине каршы унаага салган. Үйгө келген учурда ала качкан адамдын апасы «баламдан кантип баш тартасың» деп кыздын башына урган. Кыз милицияларга кабарлап, жардам сураган. Бирок кыздын үйүндөгүлөрү «ажырашкансың, милицияны чакыр деп ким айтты» дешип кабыл албай коюшат. Андан соң ал колдоо көрсөтөт деген үмүттө эжесиникине барган. Эки күн өткөндөн кийин эжеси күйөөсүнүн «Биздин үйдө андайларга орун жок» дегенин айткан. Кыз учурда коопсуз жерде, бирок жардамга муктаж«,- деп жазылат маалыматта.

Кыздын чач тарачтык жөндөмү бар экени жана учурда ага иштөөгө атайын шаймандар керек болуп жатканы айттылат. Кызга жардам берүүнү каалагандар 0555-65-48-03 эсептик номери аркылуу жардам берсе болот.

Количество просмотров: 230