• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Кыргызстанда бир жылда 250дөн ашык ала качуу фактысы катталды

22 Жетинин айы 2022 8:57 Бишкек Govori.TV

25-ноябрдан тарта “Сезим” кризистик борбору зордук-зомбулукка каршы 16 күндүк өнөктүк баштайт. Анын максаты — аялдардын укуктарын коргоп, зордук-зомбулукту токтотууга коомчулукту чакыруу.

Борбор 2020-жылы аялдардын укугун коргогон бир катар мыйзамдар кабыл алынганы менен өлкөдө үй-бүлөлүк зомбулук көбөйгөнүн белгилейт.

Ички иштер министрлигинин маалыматына таянсак, былтыр 604 сексуалдык зомбулук фактысы катталып, анын 53% «кылмыштын курамы жок» деген негизде кыскартылган. Никеге туруу максатында 254 ала качуу болуп, алардын 84% сотко жеткен эмес. Жалпысынан 10 миң 151 зомбулук болгону катталып, 9038 убактылуу коргоо ордери (8463 аял, 264 бала) берилген.

Быйыл беш айда 3988 үй-бүлөлүк зомбулук фактысынын бети ачылган. Милиция жылына 8-10 миң үй-бүлөлүк чыр-чатакты телефондон каттайт. Бишкектеги ооруканаларга айына үй-бүлөсүнөн запкы жеген 40-50 аял кайрылат.

“Сезим” кризистик борборуна жылына зомбулукка кабылган 1500 киши жардам сурап кайрылса, анын 93% аялдар.

Количество просмотров: 94