Бишкек.08.08.2019.Govori.TV.
Бишкек шаарындагы «Комсомол» көлмөсүнө чөгүп кеткен 18 жаштагы жигиттин жансыз денеси табылды.Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 7-августта Свердлов районуна караштуу «Комсомол» көлмөсүнө 2001-жылы туулган Б.Б.уулу аттуу жигит чөгүп кеткен. Издөө иштерине куткаруучулар тартылып, 8-августта эртең мененки саат 07:35те маркумдун жансыз денесин суудан табышкан.