Бишкек.13.03.2019.Govori.TV
Бишкекте 2 айдоочу жол талашып мушташа кеткен видеосу интернетке тарады.
Видеодон жол талашуудан улам бир айдоочу экинчисин уруп койгонун, катуу сокку алган айдоочу жерге башын кармап жатып калганын, ал эми бул учурда ага кол көтөргөн айдоочу качып кетүүгө аракеттенип бирок ошол жерде турган адамдар токтотуп калышканын көрүугө болот.
Бул окуя боюнча Бишкектеги Биринчи Май РИИБи тарабынан тактоо иштери жүрүп жатканын билдиришкен.