• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

«Талаада канжалап жатам». 20 жаштагы кыз аны уурдап кетишкенин айтып, классташын тамашага салган

20 Чын куран 2021 14:01 Бишкек Govori.TV

20 жаштагы кыз аны уурдап кетишкенин айтып, классташын тамашага салган. Бул тууралуу бүгүн, 20-апрелде Бишкек шаарына караштуу Ленин РИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Кечээ, 19-апрелде болжол менен түнкү саат 2:45 чамасында «102» кызматына Үч-Терек көчөсүндө эркек киши жаш кызды «Хонда Аккорд» унаасына күч менен отургузуп, Кара-Балта шаарына алып кетип калгандыгы жөнүндө маалымат келип түшкөн.

Жерине Ленин РИИБдин ыкчам тергөө тобу барып, милицияга Э.К. аттуу жаран телефон чалганы белгилүү болгон. Өзүнүн айтымында, классташтары менен Үч-Терек көчөсүндөгү балдар аянтчасында эс алып жатышкан. Алардын арасында 2001-жылы туулган Айдай (аты өзгөртүлдү) да бар болчу.

Ал жактан Айдай такси чакырып, балдар аянтчасындагы башка кыздар менен чогуу Ак-Өргө конушу көздөй кетишкен. Кыздар өз үйлөрүндө калып, Айдай Кара-Балтага өз үйүнө кеткен.

Бирок 40-45 мүнөт өткөндөн кийин Айдай Э.Кга телефон чалып, талаада канжалап жатканын айтып, андан кийин телефонун өчүрүп, байланышка чыкпай калган.

Аталган факт КЖБРга Жазык кодексинин 170-беренеси (Адам уурдоо) менен катталган.

Бирок Айдайдын уурдалбаганы аныкталды. Ленин РИИБдин ыкчам кызматкерлери аны 1996-жылы туулган досу Т.Э. менен чогуу жүргөндө табышты.

Айдай милицияга жеткирилип, ал жактан өзүнүн уурдалганын ойдон чыгарганын айтты. Классташы К.Э. сарсанаа болуп, укук коргоо органдарынын кызматкерлери аны издеп жатышканда, мас абалдагы Айдай досу менен эс алып жүргөнү белгилүү болду.

Количество просмотров: 208