• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Бишкекте 21 көчө оңдоо иштерине байланыштуу жабылды

6 Чын куран 2021 15:19 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарынын 21 көчөсүндө оңдоо иштери жүрүп жатканына байланыштуу, айрым жолдор жабылды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө борбор калаанын 21 көчөсүндө оңдоого тийиштүү бөлүктөрү жабылып, жол-курулуш техникалары тартылып, жолдор кеңейтилип, асфальттар төшөлүүдө.

«Шаар тургундарына жана айдоочуларга жолго чыгуу учурунда алдын ала пландоо менен альтернативдик жолдор менен чыгууну сунуштайбыз», — деп айтылат маалыматта.

Учурда төмөнкү көчөлөр жабык:

1) Айбийке көчөсүнүн Гагарин көчөсүнөн тартып, Эркин-Тоо көчөсүнө чейинки бөлүгү;

2) Огонбаев көчөсүнүн Осмонкулов көчөсүнөн тартып, Ибраимов көчөсүнө чейинки бөлүгү;

3) Фере көчөсүнүн Тоголок Молдо көчөсүнөн тартып, Элебесов көчөсүнө чейинки бөлүгү;

4) Стадионная көчөсүнүн Магистраль көчөсүнөн тартып, Абдрахманов көчөсүнө чейинки бөлүгү;

5) Буденный көчөсүнүн Чүй кең көчөсүнөн тартып, Жибек-Жолу көчөсүнө чейинки бөлүгү;

6) Койбагаров көчөсүнүн Жукеев-Пудовкин көчөсүнөн тартып, Каралаев көчөсүнө чейинки болүгү;

7) Бакаев көчөсүнүн Абдрахманов көчөсүнөн тартып, Масалиев көчөсүнө чейинки бөлүгү;

8) Ажыбек Баатыр көчөсүнүн Манас көчөсүнөн тартып, Жунусалиев көчөсүнө чейинки бөлүгү;

9) Ташкент көчөсүнүн Турусбеков көчөсүнөн тартып, Тоголок Молдо көчөсүнө чейинки аралык;

10) Сухэ-Батор көчөсүнүн Каралаев көчөсүнөн тартып, 7-Апрель көчөсүнө чейинки бөлүгү;

11) Көкчетавский көчөсүнүн Махатма Ганди көчөсүнөн тартып, Орозбеков көчөсүнө чейинки бөлүгү;

12) Каркыра көчөсүнүн Өмүракунов көчөсүнөн тартып, Өмүр көчөсүнө чейинки бөлүгү (Ак-Ордо конушу);

13) Новая көчөсүнүн Ленская көчөсүнөн тартып, Жеңиш жаңы конушуна чейинки бөлүгү;

14) Түгөлбай Ата көчөсүнүн Орозбеков көчөсүнөн тартып, Ибраимов көчөсүнө чейинки бөлүгү;

15) Култегин көчөсүнүн Гидростроитель көчөсүнөн тартып, Эне-Сай-20 көчөсүнө чейинки бөлүгү;

16) Дордой-2 көчөсүнүн Обьезднойдон тартып, №4 көчөсүнө чейинки бөлүгү;

17) Ак-Тилек көчөсүнүн Элебесов көчөсүнөн тартып, Эркиндик Бульварына чейинки бөлүгү;

18) Карасаев көчөсүнүн Байтик Баатыр көчөсүнөн тартып, Карадарыя көчөсүнө чейинки бөлүгү.

Количество просмотров: 126