• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Бишкекте 22 жаштагы айдоочу жөө жүргүнчүнү өлтүрө сүзүп алган

15 Тогуздун айы 2021 13:04 Бишкек Govori.TV

Бишкекте 22 жаштагы айдоочу жөө жүргүнчүнү өлтүрө сүзүп алганын Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 14-октябрда болжол менен саат 23:00дө 22 жаштагы Т.У. аттуу айдоочу “Лексус RX” үлгүсүндөгү автоунаа менен Жукеев-Пудовкин көчөсү менен түштүк тарапка бара жаткан. Ал №85 үйдүн тушунан 44 жаштагы Т.Н. аттуу жөө жүргүнчүнү сүзүп, андан ары жол жээгинде токтоп турган “Мерседец Бенц” үлгүсүндөгү унааны сүзүп токтогон.

Жол кырсыгынан жөө жүргүнчү ошол жерден көз жумган.

Аталган факты боюнча эки унаа убактылуу токтотуучу жайга токтотулуп, тийиштүү экспертиза дайындалды.

Учурда жол кырсыгынын келип чыгуу себептери такталууда.

Количество просмотров: 216