• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бишкекте 220дай чет өлкөлүк милицияга жеткирилди

23 Жалган куран 202611:14 Бишкек Govori.TV

Борбор калаада Бишкек шаарынын ИИББнын Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы тарабынан өткөрүлүп жаткан «Нелегал» аталышындагы ыкчам-алдын алуу иш-чаралар улантылууда.

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришкендей, иш-чаранын алкагында 220га жакын чет өлкөлүк жаран шаардык милиция бөлүмүнө жеткирилди.

Учурда кармалгандардын документтери текшерилип, Кыргызстандын аймагында жүрүүсүнүн мыйзамдуулугу жана ар кандай укук бузууларга катыштыгы бар-жогу аныкталууда.

Рейд мыйзамсыз миграцияны аныктоо, бөгөт коюу жана экстремисттик коркунучтардын алдын алуу максатында өткөрүлүүдө.

Количество просмотров: 159