• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Бишкекте №23 жаңы автобустук каттам ишке кирет (каттамы)

16 Чын куран 2024 10:45 Бишкек Govori.TV

Бишкекте бүгүн, 16-апрелден тарта №23 жаңы автобустук каттам ишке кирет.

Муниципалитеттен билдиришкендей, жаңы автобус линиясынын каттамы айланма жолдон – «Бишкекавтобекети» муниципалдык ишканасынан башталат, ал чыгыш багытта Киргизская көчөсүнө чейин барат.

«Автобус Саадаев көчөсүнө чейин барат, ал жерден Тоголок Молдо көчөсүнө чыгат. Тоголок Молдо көчөсү менен Жибек Жолу проспектисине чейин барып, Тынчтык проспектисине чыгат. Андан ары автобус Токтогул көчөсү менен Асаналиев көчөсүнө чейин, ал жерден Лев Толстой көчөсүнө чыгат. Лев Толстой көчөсү боюнча автобус Тимур Фрунзе көчөсүнө чейин барып, Гагарин көчөсүнө чейин жетет. Кырк-Кыз көчөсү түштүк тарапты көздөй Ахунбаев көчөсүнө чейин автобус каттайт. Муромский көчөсүнө чейин жетип, № 23 автобус Жал айылына чейин каттайт», — деп түшүндүрүштү мэриядан.

Белгилей кетсек, жалпысынан 25 автобус каттайт. «А» чекитинен «Б» чекитине чейинки аралык 56 чакырымды түзөт. Автобустардын ортосундагы аралык 7 мүнөттөн 9 мүнөткө чейин болот.

Мындан тышкары, шаардыктар коомдук транспорттун кыймылын «Менин шаарым»мобилдик тиркемеси аркылуу онлайн режиминде көзөмөлдөй алышат.

Количество просмотров: 464