Эне жана баланы коргоо боюнча улуттук борбордун төрөт үйүндө жаш келин көз жумду. Маалыматты Биринчи Май РИИБинин маалымат катчысы ырастады.
Маалыматка ылайык, көз жумган келин 2001-жылы туулган. Ал 3 ай мурун эгиз ымыркайларын жарыкка алып келген.
“17-февралда саат 18:00 чамасында нөөмөт бөлүмгө Улуттук госпиталда жаш эне каза болгондугу тууралуу маалымат келип түштү. Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барып, каза болгон келин 2001-жылы туулган Ж.Э. экенин аныкташты. Маркум мындан 3 ай мурун эки эм төрөгөнү маалым болду”,-деп айтылат маалыматта.
Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 152-берене (медициналык же фармацевттик кызматкер тарабынан кесиптик милдеттерди талаптагыдай эмес аткаруу) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылылып, тиешелүү экспертизалар дайындалган.