Бишкек.27.06.2019.Govori.TV.
Бишкек шаарынын А.Токомбаев көчөсүндө 3 унаа сүзүшүп, 1 адам ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу Бишкек Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, кырсык 27-июнь күнү саат 00:10 чамасында катталып, Тойота 4Runner үлгүсүндөгү унаа батыш тарапка багыт алган БМВ 525 үлгүсүндөгү унаа менен сүзүшкөн. Алардан буйтап өтөм деген башка айдоочу дагы кырсыкка кабылган.Натыйжада бир айдоочу жаракат алып, ооруканага жеткирилген. Ал эми унаалар айып аянтчасына токтотулган.