• Бейшемби 2 Теке 2026
  • Четверг 2 Июль 2026

Бишкекте 3 жашар баланы унаа тебелеп кеткен, наристе ооруканадан каза болду

4 Жетинин айы 201910:50 Бишкек Govori.TV

Бишкектеги көп кабаттуу үйлөрдүн короосунан 3 жашар баланы унаа коюп кетти. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, окуя кечээ Орозбеков көчөсүндөгү үйлөрдүн биринин короосунда болгон.

««Тойота Секвойя» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу унаасын артты көздөй айдаганда 3 жашар баланы байкабай тебелетип алган. Наристе ооруканадан каза болду», — деп айтылат маалыматта.

Факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды. Унаа айып аянтчасына токтотулду.

Тактала элек маалыматтар боюнча, короодо ойноп жүргөн балдар көчөгө чыккан чоң апасын көздөй бара жатышкан. Алардын экөө өткөндөн кийин унаасын жүргүзгөн айдоочусу эң кичүүсүн байкабай калган.

Количество просмотров: 46