Бишкек.29.08.2019.Govori.TV.
31-август Эгемендүүлүк күнүнө карата Бишкек мэриясы шаар тургундары жана меймандары үчүн майрамдык иш-чаранын программасын жарыялады.
«Ала-Тоо» аянтында:
Саат 10:00дөн 12:00гө чейин өкмөт өкүлдөрүнүн катышуусундагы салтанаттын ачылышы, расмий куттуктоо, театралдаштырылган концерт;
Саат 20:00дөн 22:00гө чейин кыргыз эстрада ырчыларынын катышуусундагы концерт. Концерттин аягында фейерверктер атылат.
Бул күнү «Ала-Тоо» аянтында «Тез жардам» кызматынан эки бригада, бир өрт өчүрүүчү унаа кызмат кылат. Коомдук тартипти Бишкек ШИИББинин 1800 кызматкери көзөмөлгө алат. Мындан тышкары 30 био даараткана орнотулат. №7, №38, №48 каттамындагы автобустар жана бардык троллейбустар 31-августтан 1-сентябрга караган түнү саат 01:00гө чейин иштейт. Ал эми кичи автобустар күндөгүдөй эле тартипте жүргүнчүлөрдү ташыйт.
29-августта «Ала-Тоо» аянтында өлкөнүн жетишкендиктери тууралуу документалдуу фото көргөзмө менен таанышып чыкса болот. 31-августта Ботаникалык бакта жеңил атлетчилер үчүн чуркоо орун алат.
Октябрь районунда: 30-августта спорттук иш-чаралар өткөрүлөт. 31-августта саат 18:00дө Дайыр Асанов атындагы паркта «Шайыр-Балалык» балдар борборунун тарбиялануучуларынын концерти орун алат. Ошондой эле жарманке, мастер-класстар өтөт.
Ленин районунда: 29-августта саат 10:00дө «Арча-Бешик», «Киргизия», «Ак-Өргө» конуштарында майрамдык сейилдөө орун алат. №63 үйдүн короосунда балдардын спорт аянтчасынын ачылышы болот. 30-августта Ю.Фучик паркында спорттук мелдештер өткөрүлөт.
Биринчи Май районунда: 30-августта «Тынчтык», «Аска-Таш», «Ак-Босого» конуштарында майрамдык иш-чаралар өткөрүлөт. Ошол эле күнү Щербаков аймагында эртең менен «Ыр-Кесе» фольклордук сынагы башталат. «Жаштар» паркында саат 10:00дө улуттук оюндар (чүкө, селкинчек, аркан тартыш, таап тартыш, чака чапмай) ойнолот.
Свердлов районунда: 31-августта саат 10:00дө Жеңиш паркында «Сүйүктүү Кыргызстаным» аталышындагы флешмоб, «Досума белек» аттуу мастер-класс жана фестиваль болот. Мындан тышкары «Арт-аллея» көргөзмөсү орун алат. Саат 10:30да «Эмгек резерви» стадионунда волейбол боюнча финалдык оюн өткөрүлөт.
«Аламүдүн» кичи районунда, «Учкунда», Куйбышев 93, Ибраимов 103 жана №45, №89 орто мектептеринде аркан тартыш, бука тартыш оюндары өткөрүлөт.