• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Бишкекте 4 күн бою газ берилбейт

1 Баш оона 2019 10:28 Бишкек Govori.TV

Бишкек.01.08.2019.Govori.TV.

Бишкектин айрым райондорунда 4 күн бою газ берилбейт. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Маалыматка караганда, 5-августтан 9-августка чейин «Аламүдүн-1» кичи районундагы Энергетиктер жана Курулушчулар шаарчасы газсыз калат.

Лебединовка айылында Калинин көчөсү, Жеңиш проспектиси жана Садовая менен Токмок көчөлөрү менен чектеш аймактарда жаратылыш газы берилбейт.

Аталган аймактарда жабдыктарды алмаштыруу иштери жүргүзүлөт.

Количество просмотров: 20