Бишкекте Бүткүл дүйнөлүк кан донорлорунун күнүнө карата уюштурулган акция жыйынтыкталды. Бул күн жыл сайын сентябрдын акыркы эс алуу күндөрүндө өтөт.
Республикалык ден соолукту чыңдоо борборунун билдирүүсү боюнча, иш-чара 23-27-сентябрь күндөрү өттү. Ага жалпы 400дөн ашык киши катышып, 225 литрге жакын кан тапшырышты.
Республикалык кан борборунун дарыгерлеринин айтымында, бир донордун тапшырган каны 3 бейтапка жардам берет.
«Башка күндөрү кан борборуна 50-70 киши келип кан тапшырат. Көбүнчөсү бейтаптардын туугандары, тааныштары. Ал эми кан алуучу жабдыктардын баары таза, бир жолу гана колдонулат. Ошол себептен эч кандай оруу жуктуруп алуу коркунучу жок», — деп айтылат маалыматта.