• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Бишкекте 5-кабаттан кулаган жигит каза болду

7 Бугу 2021 9:45 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарынын Киев көчөсүндө курулуп жаткан көп кабаттуу үйдүн 5-кабатынан эркек киши кулап, ооруканага жетпей каза болду.

Биринчи май РИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, кырсык тууралуу маалымат милицияга 5-май күнү саат 11: 50дө келип түшкөн. Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барган. Алдын ала маалыматтар боюнча, 2001-жылы туулган С.Р. белгисиз жагдайларда кулап кеткен. Тез жардам кызматынын дарыгерлери аны ооруканага алып кетишкен, бирок ал ооруканага жетпей көз жумган.

Бул факт Биринчи май РИИБде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынып, Жазык кодексинин 258-беренеси (Коопсуздук эрежелерин бузуу) боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды.

Учурда керектүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Количество просмотров: 336