Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык инспекциясы курулуш объектилери жана чарба жүргүзүүчү субъекттер боюнча рейд жүргүздү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Кыргыз Республикасынын «Укук бузуулар жөнүндө» кодекси 115- беренесинин 2-бөлүгү менен Гражданская көчөсү 24 дарегиндеги «Авента курулуш» ЖЧКсына, Ч. Айтматов проспектиси 100/2. «Кыргыз Каганат» ЖЧКсына курлуш калдыктарын муниципалдык аймакка таштагандыгы үчүн, көркөндүрүүнүн эрежелерине ылайык айлана- тегерегиндеги таштандыларды тазалабагандыгы үчүн
Юнусалиев көч., 177/2 дарегиндеги «Умай Групп» ЖЧКсына, «Асаха Групп» ЖЧКсына карата протоколдор түзүлүп, 23000 сом айып салынды.
Мындан сырткары жанаша аймакта тазалыкты жана тартипти сактабагандыгы үчүн 114-берене боюнча «Борман Констракшн» ЖЧКга, Сухэ Батор Көчөсү, 3/3 дарегиндеги 40х40 кароке барына жеке ишкер А. А. карата 13000 сомго протокол түзүлдү.
Ал эми 117- беренин 2- бөлүгү Тыныстанов/Жумабек көчөлөрүнүн кесилишиндеги жолдун өтүүчү бөлүгүнө суу түтүктөрүн орнотуунун натыйжасында бузулган жолду кайра калыбына келтирбегендиги үчүн «Техник Трейд» ЖЧКга 23000 сом айып салынды.