Бишкек.06.08.2019.Govori.TV.
Бишкекте 5 жаштагы баланы уурдап кеткендер кармалды. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, окуя бүгүн, 5-августта, кечинде Бишкектин Рыскулов менен Темирязев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Баланы уурдап кеткендиги тууралуу маалымат милицияга 19:30 дар чамасында түшкөн.
» Укук коргоо органдарынын биргелешкен аракети жана «Коопсуз шаардын» камераларынын жардамы менен жарым саат ичинде шектүүлөр бараткан Volkswagen Vento автоунаа машина базар жактан кармалган. Анын ичинде үч киши жана 5 жашар бала болгон. Алар Таласка бараткан», — деп айтылат маалыматта