Токмокто 18 жаштагы жигит жүк ташуучу унаанын чиркегичинин алдында калып каза болду. Маалыматты Чүй ОИИБден тастыкташты.
Маалыматка караганда, кырсык 9-августта болгон. Анда техникалык тейлөө станциясындагы адистин жардамчысы — 2005-жылы туулган жаран унаа ташуучу атайын техниканын эки бөлүк чиркегичинин ортосунда турган. Ал коопсуздукту сактабастан чиркегичтердин жабдыктарын чечип жатканда темир басып калган.
Бардык тиешелүү экспертизалар дайындалдып, учурда тергөөгө чейинки текшерүү жүрүп жатат.