• Бейшемби 2 Теке 2026
  • Четверг 2 Июль 2026

Бишкекте №6 мектептин мугалимдери иштен кетүү тууралуу арызын жазышты

20 Бештин айы 201918:01 Бишкек Govori.TV

Бишкектеги №6 мектеп-гимназиясында башталгыч класстардын 12 мугалими иштен кетүү жөнүндө арыздарын жазышкан. Эгер мугалимдер чынында эле жаңы жылдан тарта жумушка чыкпай коюшса башталгыч класстардын 800дөй окуучуларын окутууга эч ким жок калат. Ал эми окуу жылдын ортосунда жаңы мугагим табуу өтө оор. Бул тууралуу kaktus.media жазды.

Мугалимдер чечкиндүү көз карашта экенин билдиришкен. Буга чейин кесипке болгон сүйүү гана аларды өз ордунда кармап турган. Бирок, айрым ата-энелердин кылыктары аша-чаап кеткенин жана маселелер жылдап чогулуп келгенин билдиришкен.

«Эгер заманбап ата-энелерге биздин окуткан методдорубуз жакпай жатса, биз кетип калганга даярбыз. Бирок, акыркы 10 жылдан бери өлкөдө жакшы мугалимдер пайда болгонунан күмөнүбүз бар. Ал эми жаш специалисттер муниципалдык мектептерге келүүгө шашышпайт», — деп билдиришкен алар.

Белгилей кетсек, арыз жазган 12 мугалимдин сегизи пенсиялык курактагылар.

«Мугалимдердин маянасы аз, пенсия дагы жетишпейт, андыктан иштеп турууну чечкенбиз. Биздин орунга келе турчу жаштар деле аз, а бизде энергия көп», — дешкен мугалимдер.

Количество просмотров: 3624