• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

Бишкекте 60 айдоочу жумушсуз калды

14 Баш оона 201914:46 Бишкек Govori.TV

Бишкек.14.08.2019.Govori.TV.

7-8-августта Бишкек шаарында болгон окуялардан мэрия 2 миллион сом чыгым тартты. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

“Бул күндөрү Бишкектин мэри Азиз Суракматовдун тапшырмасы менен күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери үчүн 70 автобус бөлүнгөн.

Алардын 30унун айнеги талкаланып, бир автобус жарактан чыккан. Баштапкы эсеп боюнча аларды ондоого 2 миллион сом керектелет.

Андан тышкары күнүмдүк киреше 100-120 миң сомго азайып, 60 айдоочу убактылуу жумушсуз калды”,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 20