• Жума 24 Теке 2026
  • Пятница 24 Июль 2026

Бишкекте №63 мектепке бомба коюлгандыгы айтылып, окуучулар эвакуацияланды

28 Жалган куран 202311:36 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын 102-кызматына №63 мектеп-гимназиясынын аймагына бомба коюлгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, кабар бүгүн саат 09:43 чамасында келип түшкөн.

«Ошол замат тийиштүү кызматкерлер окуя болгон жерге келип, дароо мектептин аймагы милиция кызматкерлери тарабынан курчоого алындв. Мектеп окуучулары жана мектеп кызматкерлери эвакуацияланган», — деп айтылат билдирүүдө.

Кошумча маалымат берилет.

Количество просмотров: 72